Орусия-Украина согушу

Чабуулдар уланып жатат.

2040602
Орусия-Украина согушу

Украинанын Коргоо министрлиги, орус армиясынын түн ичинде өлкө боюнча 43 канаттуу ракета менен абадан чабуул жасаганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, 10 орус учагынын түн ичинде ар кайсы жерден ар башка шаарларга, өзгөчө борбор Киевге 43 канаттуу ракета учурганы белгиленди.

Билдирүүдө бул ракеталардын 36сынын Украинанын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Харьков облусунун Аскердик башкармалыгынан берилген маалыматта да, Орусиянын 6 С-300 ракетасы менен шаарга кол салганы айтылды.

Билдирүүдө кол салуудан 2 кишинин жараланганы, бир ишкана жана айланадагы имараттардын зыянга учураганы белгиленди.

Харьковдогу суу ишканасынын директору Игорь Вороненко өз билдирүүсүндө кол салуудан суу түтүгү жабыркаганын кабарлады.

Украинанын баш калаасы Киевде эртең менен абадан чабуул коңгуроосу кагылгандан кийин жарылуулардын үнү угулду.

Киев мэри Виталий Кличко Telegram баракчасынан, абадан коргонуучулардын нөөмөттө турганын жана куткаруу топторунун шаардын чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө жарылуу болушу мүмкүн болгон аймактарды көздөй баратканын жазды.

Анын айтымында, ракета сыныктары Киевдин борборуна кулап, чыгыш тарабында имараттар жабыркады жана өрт чыгып кээ бир адамдар медициналык жардамга кайрылышты.

Жетекчилер Украинанын Харьков, Хмельницкий, Ровно, Львов жана Ивано-Франковск облустарында да жардыруу болгонун кабарлашты.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги да Украинанын Кара деңиз, Крым, Курск, Белгород жана Орел аймактарында учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасаганын жарыялады.

Кол салууга байланыштуу министрликтин билдирүүсүндө: «20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү Киев режиминин Россия Федерациясынын аймагындагы объектилерге учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракеттерине бөгөт коюлду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Орусиянын абадан коргонуу системаларынын Кара деңиз жана Крым аймактарынын үстүнөн 19 украиналык учкучсуз аппаратынын жок кылынганы, Курск, Белгород жана Орел аймактарынын үстүнөн бирден учкучсуз аппараттын атып түшүрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар