Япониядан Мароккого жардам

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.

2038400
Япониядан Мароккого жардам

Япония өкмөтү катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Түндүк Африка өлкөсү Мароккого 3 миллион долларлык чукул жардам жөнөтөт.

Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко, Мароккого бейөкмөт уюмдар аркылуу 3 миллион долларлык чукул жардам көрсөтө тургандарын билдирди.

Камикава баш калкалоочу жай жана тамак-аштын Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясы (IFRC) менен жапон уюмдары аркылуу жеткирилерин айтты.

Япониянын Марокко элинин жанында болоорун белгилеген Камикава, гуманитардык муктаждыктарды эске алуу менен керектүү жардамды берүүгө даяр экендиктерин маалымдады.

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.

Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.

Марокко Ички иштер министрлиги, акыркы маалыматтарга караганда жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 946, жаракат алгандардын саны 5 миң 674кө жеткенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар