Мароккодо жер титирөө болду

Мароккодо болгон 7 баллдык жер титирөөдө алгачкы маалыматтарга караганда 820 киши каза болду.

2035017
Мароккодо жер титирөө болду

Мароккодо болгон 7 баллдык жер титирөөдө алгачкы маалыматтарга караганда 820 киши каза болду.

Марокконун Улуттук геофизикалык институту өлкөдө 7 баллдык жер титирөө болгондугун жарыялады. Институт 8 километр тереңдикте болгон жер титирөөнүн эпицентринин өлкөнүн түндүгүндөгү Марракештин Эль - Хуз аймагы болгонун билдирди.

Марокко Ички иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө өлкөнүн көптөгөн шаарында сезилген жер титирөөдө алгачкы жыйынтыктарга караганда 820 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Жергиликтүү гезиттер Мароккодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 23төн 10 минута өткөндө болгон жер титирөөнүн борбор шаар Рабат баш болгон Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарларында да сезилгендигин жазды.

Жер титирөөдө Марракештин тарыхый дубалдарынын бир бөлүгүнүн зыянга учурагандыгы билдирилди.

Ошол эле учурда Түрк Кызылайы социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө апаат топторунун Марокконун Марракеш шаарында болгон жер титирөөдөн кийинки абалды жакындан байкап жатканын жарыялады.



Тектеш кабарлар