Путин Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпайт

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүү жасады.

2030578
Путин Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпайт

Орусиянын президенти Владимир Путин, Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпайт.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, жеке учактын кулашынын натыйжасында каза болгону билдирилген Пригожиндин жаназа зыйнатына байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Жаназа зыйнаты тууралуу маалыматы жок экенин белгилеген Песков: «Бул темадагы чечимдер үй-бүлө жана достору тарабынан кабыл алынууда, аларсыз эч нерсе айта албайбыз. (Путин) Президенттин жаназа зыйнатына катышуусу күтүлбөйт»,- деди.

Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) 23-августтагы билдирүүсүндө, Тверде Пригожин да ичинде болгон жеке учактын кыйрашынан 10 кишинин каза болгону кабарланган.

Владимир Путин учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.



Тектеш кабарлар