Орусия: "Украиналык топ таасирсиз кылынды"
Орус чалгындоо кызматы ФСБ, диверсиялык топтун Украина менен чектеш Брянск облусуна кирүү аракетине байланыштуу билдирүү жасады.
Орусия Брянск аймагына кирүүгө аракет кылган украиналык 4 кишиден турган саботаж тобунун таасирсиз кылынганын билдирди.
Орус чалгындоо кызматы ФСБ, диверсиялык топтун Украина менен чектеш Брянск облусуна кирүү аракетине байланыштуу билдирүү жасады.
Кирүү аракетинин Брянск облусунун Стародубский шаарчасында болгондугу маалымдалган билдирүүдө: «ФСБ жана Орусиянын Коргоо министрлигинин күчтөрү украиналык 4 кишиден турган диверсиялык топту зыянсыздандырып, кирүү аракетине бөгөт коюшту»,-деп айтылды.
Кагылышуу болгон жерде чет элдик куралдардан тышкары алдамчылык операциясында колдонулушу болжолдонгон жана «ФСБнын мүлкү» деген жазуусу бар учкучсуз учуучу аппараттардын да табылганы белгиленди.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.