Сауд Арабияда баңгизат колго түшүрүлдү

Жүктүн кайдан жөнөтүлгөнү жана кармалган 2 адам тууралуу маалымат берилген жок.

2024144
Сауд Арабияда баңгизат колго түшүрүлдү

Сауд Арабиянын Жидда портунун Ислам бажысында баклава кутуларына катылган 2 миллион 242 миң 560 «каптагон таблеткасынын» колго түшүрүлгөнү кабарланды.

Сауд Арабиянын расмий агенттигинин (SPA) билдиргенине караганда, жүктөрдү бажыдан өткөрүү учурунда кутулардагы баклаванын астына катылган желим баштыктардын ичинен 2 миллион 242 миң 560 даана баңгизат таблеткасы табылды. 

Аталган жүктүн алуучусу 2 адамдын кармалганы айтылды.

Жүктүн кайдан жөнөтүлгөнү жана кармалган 2 адам тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар