Түндүк Корея Түштүк Кореяга 350 таштанды салынган шар жибергендигин билдирди

Йонхаптын кабарына караганда Түндүк Корея май айынан бери Түштүк Кореяга бешинчи жолу таштанды салынган шар жиберди.

2155869
Түндүк Корея  Түштүк Кореяга 350 таштанды салынган  шар жибергендигин билдирди

Түштүк Корея армиясы  Түндүк Кореянын ичинде таштанды болгон  350гө жакын шар жибергендигин билдирди. 

Йонхаптын кабарына караганда Түндүк Корея май айынан бери Түштүк Кореяга бешинчи жолу таштанды салынган шар жиберди. 

Түштүк Кореянын Башкы штабынын  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, таштанды толтурулган болжол менен 350 шардын 100нүн борбор шаар Сеул менен Кёнги шаарына түшкөнүн белгиледи.

Билдирүүдө түндүктүн демилгелерине каршы үн күчөткүчтөр аркылуу үгүт жүргүзүүгө даяр экендиктери жана мындай психологиялык согуштун ишке ашырылышы Түндүк Кореянын аракеттерине жараша болору эскертилди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Жон жума күнү жасаган билдирүүсүндө түштүктүн пропагандасына каршы  дагы көп таштанды толтурулган шарларды жөнөтө тургандарын айткан. 

Түндүк тарабынын  28  - майдан бери түштүккө 2 миңдей таштанды шары жөнөткөндүгү белгиленди. 

4 - июнда Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл Түндүк Кореянын таштанды шарларын жөнөтүүсүнө жооп иретинде тараптардын ортосундагы аскердик чыңалууну басаңдатууга багытталган 2018-жылдагы Кореялар аралык келишимди убактылуу токтоткон.

 

 



Тектеш кабарлар