Газада каза болгондордун саны 37 миң 658ге жетти

Палестинанын Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин Газа тилкесине кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2155902
Газада  каза болгондордун саны  37 миң  658ге жетти

Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 32ге көбөйүп, 37 миң 658ге жетти.

Палестинанын Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин Газа тилкесине 263 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлеринде 3 «кыргын» жасаганы, бул кол салууларда дагы 32 палестиналыктын каза болгондугу, 139 палестиналыктын жаралангандыгы маалымдалды.

Израилдин 2023  - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 37 миң 658ге, жаралуулардын саны 86 миң 237ге жетти.



Тектеш кабарлар