Эл аралык кылмыш соту Шойгу жана Герасимовду камоо чечимин чыгарды

Эл аралык кылмыш соту Россиянын Коопсуздук секретары Сергей Шойгу (Россиянын мурдагы коргоо министри) жана Россиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов тууралуу камоо чечиминин чыгарылгандыгын жарыялады.

2155907

Эл аралык кылмыш сотунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Россиянын Коопсуздук Кеңешинин секратары Шойгу жана башкы штабдын төрагасы Герасимов тууралуу согуштук кылмыш жана адамзатка каршы кылмышка аралашты деген негиз менен камоо чечиминин чыгарылгандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө, Шойгу менен Герасимовду камакка алуу ордеринин 2022 - жылдын 10 - октябрынан 2023 - жылдын 9 - март күндөрү ишке ашырылган  жарандарга карата   жасалган кол салуулар жана адамкерчиликсиз мамилелеринен улам берилгени билдирилди. Шойгу жана  Герасимовдун бул кылмыштарга түздөн түз  катышкандыгы, буйругу астындагы аскерлерге  бул кылмыштарды жасоону буйругандары белгиленди. 

Билдирүүдө Украинага кол салган орус күчтөрүнүн Украинанын электр инфраструктурасына жасалган ракеталык чабуулдары үчүн жооптуу деген жүйөөлүү негиздердин бар экени баса белгиленди.

Тектеш кабарлар