БУУ : Газада 200дөн ашуун гуманитардык жардам кызматкери өлтүрүлдү

7 -  октябрдан бери  Израилдин катуу кол салуусу астында миңдеген жаран каза болгон Газа тилкесинде  200дөн ашуун гуманитардык жардам кызматкеринин да өлтүрүлгөндүгү билдирилди.

2155860

Бириккен Улуттар Уюмунун  Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) кызматкери Ясмина Гуерда, Газадагы  3 айлык  миссиясы учурунда күбө болгондорун, БУУнун Женева офисинин жумалык  пресс  - жыйынында билдирди.

Газадагы абалдын сандар менен өлчүлө албай турганчалык начар экендигин белгилеген Гуерда көп сандаган кишинин жер которгондугун, газалыктардын тамак  - аш, баш калкалоо, саламаттыкты сактоо жана башка муктаждыктарын камсыз кыла албагандыгын айтты. 

Муктаж болгондорго гуманитардык жардам жеткирүүдөгү кыйынчылыктарга көңүл бурган Гуерда өткөрмө пункттарында сааттар бою күткөндөрүн жана мунун координацияда кыйынчылыктарды жаратканын айтты.

Ясмина Гуерда Газада коопсуз эч бир жердин калбаганын баса белгилеп : "7 -  октябрдан бери  200дөн ашуун гуманитардык жардам кызматкери өлтүрүлдү. Газада эч ким үчүн коопсуз жер жок",- деди. 

Газада кары  - картаңдар,  майыптар, аялдар жана балдардын кыйналып жаткандыгын айткан   БУУнун жооптуусу, газалыктардын эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар