Шойгу Түндүк Кореяга барат

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен маалымат тарады.

2015917
Шойгу Түндүк Кореяга барат

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу делегациясы менен Түндүк Кореяга расмий сапар менен барат.

Министрликтин билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин чакыруусу боюнча Шойгу баштаган орусиялык делегациянын  25-27-июлда бул өлкөдө боло турганы жана Корей элинин 1950-1953-жылдардагы Мекенин коргоо боштондук согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чараларга катыша турганы маалымдалды.

Билдирүүдө, «Бул сапар Орусия менен Түндүк Кореянын аскерий алакасын бекемдөөгө жардам берет жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар