Зеленский Украина үчүн коопсуздук кепилдиктеринин Чоң 7 өлкөлөрү тарабынан бекитиле аларын айтты
Зеленский Литванын борбор шаары Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинин алкагында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушкандан кийин биргелешкен пресс - жыйында сөз сүйлөдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО саммитинде Украина үчүн коопсуздук кепилдиктеринин Чоң 7 өлкөлөрү тарабынан бекитиле аларын белгиледи.
Зеленский Литванын борбор шаары Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинин алкагында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушкандан кийин биргелешкен пресс - жыйында сөз сүйлөдү.
НАТОнун Украина үчүн Мүчөлүк кыймыл планы баскычын жоюу чечимине токтолгон Зеленский : "Маанилүү бир жыйынтык. Украинанын мүчөлүк жолунда бир кыймыл планына муктаж эмес экендигинин кабыл алынышы",- деди.
Зеленский саммиттин өлкөсү жана эли үчүн ийгиликтүү болушун каалап : "Айрыкча адамдар үчүн маанилүү болгон коопсуздук кепилдиктери. НАТО жолунда коопсуздук кепилдиги, (НАТО мүчөлүгүнүн) ордуна эмес. Бүгүнкү күндө бул коопсуздук кепилдиктери Чоң 7 өлкөлөрү тарабынан бекитилиши мүмкүн. Эгер бул ишке аша турган болсо мунун үстүндө иштейбиз, бул биз үчүн абдан маанилүү жана так ийгилик болот",- деди.
Зеленский АКШнын Украинага бере турган кассеталык бомбаларга байланыштуу берилген суроого Россиянын Украина жерлеринде кассеталык бомбаларды тынымсыз колдонгондугун айтып : "Россия биздин аймактарыбызда согушуп жатат. Адамдарыбызды өлтүрүүдө. Көп жылдардан бери кассеталык бомбаларды колдонууда. АКШдан ала турган кассеталык бомба жардамы толугу менен аскердик максатта жана Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында колдонулат",- деди.
Зеленский кассаталык бомбалардын колдонулушу "толугу менен көзөмөлгө алына ала тургандыгын жана башка эч бир жерде колдонулбай тургандыгын" баса белгиледи.