Израиль армиясы Ел  - Мевасиде жер которгон палестиналыктарга кол салды

Кол салууда 5 киши жараланды.

2144083
Израиль армиясы Ел  - Мевасиде жер которгон палестиналыктарга кол салды

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында "коопсуз аймак" экендигин айткан Ел  - Мевасиде жер которгон палестиналыктар жашаган лагерге жасаган кол салууда  5 киши жараланды. 

Газа Жарандык коргонууну камсыздоо жана жабдыктары боюнча директору Мухаммед аль-Мугайир : «Баскынчылар көчүүгө мажбурлаган палестиналыктарга «коопсуз» экендигин айткан аймакка жасалган бул кол салуу жер которгон адамдардын чатырларынын өрттөнүшүнө себеп болду»,-деди.

Мугаййир : "Израилдин мажбурлоо менен жерлеринен чыгарган кишилерди бутага алышы,  эл аралык чечимдерди жана  мыйзамдарды жок жеп эсептеши геноцид согушунда жаңы бир кылмыш",- деди. 

Мугаййир БУУнун Коопсуздук Кеңешине Газада жарандарды коргоо үчүн ылдам түрдө олуттуу кадардарды таштоосу жана Израилдин эл аралык мыйзамды бузушуна, эл аралык мыйзамдуулук боюнча чечимдерди этибарга албоону токтотууга чакырды.

Израиль армиясы  7 -  майда Рефахтын чыгышына карата кургактыктан кол салулуарын баштагандан мурда аймак калкын "коопсуз экендигин" айткан Ел  - Мевасиге барууга чакырган. 

Израил армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 857ге, жаралуулардын саны 80 миң 293кө жетти.

 

 



Тектеш кабарлар