Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши резолюция долбоорун кабыл алды
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кагылышуу аймактарында гуманитардык жардам кызматкерлери менен БУУнун кызматкерлеринин коргоо боюнча резолюция долбоорун кабыл алды.
![Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши резолюция долбоорун кабыл алды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4941/94d9/28d6/6651b9a369d25.jpg?time=1722043384)
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кагылышуу аймактарында гуманитардык жардам кызматкерлери менен БУУнун кызматкерлеринин коргоо боюнча резолюция долбоорун кабыл алды.
Россия калыс болгон добуш берүүдө долбоор 15 мүчөнүн 14 добушу менен кабыл алынды.
Швейцария тарабынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган резолюция бардык мамлекеттерге "улуттук жана жергиликтүү иштеген кызматкерлерди жана БУУнун кызматкерлери менен тийиштүү кишилерге сый көрсөтүү жана коргоого" чакыруу салынды.
Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур резолюциянын эч бир өлкөнүн нааразычылыгы болбостон кабыл алынышынан ыраазы экендерин белгиледи.
Резолюцияда гуманитардык жана эл аралык укуктарды бузгандардын жазасыз калбоо чакырыгынан ыраазы болгондорун белгилеген Мансур, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечиминин Газада ок атышпоого жетишүүгө жана Рефахтын басып алынышына бөгөт коюуга чоң жардам бере турганына ишенгендерин белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722043385)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.