Россиянын президенти Путин Украина менен ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экендерин билдирди

Кремлден берилген маалыматка караганда Беларуска барган Путин менен президент Александр Лукашенко борбор шаар Минсктеги Көз карандысыздык сарайында жолугушту.

2144076
Россиянын президенти Путин Украина менен ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экендерин билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экендерин билдирди.

Кремлден берилген маалыматка караганда Беларуска барган Путин менен президент Александр Лукашенко борбор шаар Минсктеги Көз карандысыздык сарайында жолугушту.

Эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Путин эки өлкөнүн коргоо тармагындагы кызматташтыгына токтолду.

Путин биргелешкен аймактык бөлүктөр, Россиянын коргонуу системалары жана тактикалык өзөктүк куралдарынын жайгаштырылгандыгына, Россия менен Беларустун стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонуу боюнча машыгууларды баштаганына көңүлдөрдү бурду.

Путин : "Россиянын коопсуздугуна  кандай маани берсек, Беларустун коопсуздугуна да ошондой маани беребиз»,-деди.

Россия  менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу Путин Россиянын сүйлөшүүдөн эч качан баш тартпаганын, Украинаны Британиянын баш тарттыргандыгын айтты. 

Сүйлөшүүлөрдүн кайрадан күн тартибине киргизилгенине көңүл бурган Путин : «(Украиналыктар) Сүйлөшүүлөргө кайта алышат, бирок муну бир өлкөнүн каалоосу менен эмес, Беларус жана Түркияда өткөрүлгөн  сүйлөшүүлөрдө жетишилген негизги келишимдерге  жана ал жердеги фактыларга таянуу менен жолго чыга алышат. Биз буга даярбыз»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кызмат мөөнөтүнүн аяктаганына көңүл бурган Путин : "Учурдагы мамлекет башчынын легитимдүүлүгү бүттү жана биз муну билебиз. Тынчтык сүйлөшүүлөрүн ультиматум менен эмес, акыл-эс менен кайра баштоо керек. Бирок сүйлөшүүлөргө келсек, албетте  мыйзамдуу түрдө баш ийдирүүчү документтерге кол коюу үчүн ким менен келише аларыбызды бирлүүбүз керек. Мыйзамдуу башкаруу менен иш  жүргүзүп жатканыбызга ишенүүбүз керек".



Тектеш кабарлар