Пашиняндын тик учагы конууга мажбур болду
Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин кабарына караганда премьер - министр Пашинян бул тууралуу Фейсбуктан маалымат берди.
![Пашиняндын тик учагы конууга мажбур болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f3c2/620b/53f2/65c9daa9258c6.jpg?time=1722044002)
Дүйнөдө Ирандын президенти Ибрахим Реиси каза болгон тик учак кырсыгы тууралуу сөз болуп жаткандакезде, Армениянын премьер - министри Никол Пашинян болгон тик учак ыңгайсыз аба шарттарынан улам мажбур түрдө конууга аргасыз болду.
Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин кабарына караганда премьер - министр Пашинян бул тууралуу Фейсбуктан маалымат берди.
Билдирүүдө ыңгайсыз аба шарттарынан улам тик учактын Ванадзор шаарына плансыз конгондугун белгилеп, баары жолунда экенин, сапарын кургактык менен улантканын билдирди.
Ирандын президенти Реиси 19 - майда коштоосундагы тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана айрым жетекчилер менен тик учак кырсыгында каза болгон.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722044003)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.