Швейцарияда аэропорт кызматкерлери иш ташташты

Аэропорт жетекчилиги 8 миң жүргүнчүнүн токтотулган каттамдардан жабыркаганын билдирди.

2005682
Швейцарияда аэропорт кызматкерлери иш ташташты

Швейцариянын Женева шаарында аэропорт кызматкерлеринин иш таштоосу менен ондогон каттам токтотулду. 

Swissinfo агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн экинчи эл көп болгон аэропорту болгон Женева аэропортунун  паспорттук көзөмөл кызматкерлери жана коопсуздук кызматкерлеринен турган 1000дей кишинин иш таштоосу транспортту үзгүлтүккө учуратты.

Аэропорттун жетекчилиги менен Коомдук Кызматтар Биримдигинин  (VPOD) ортосунда кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдө бир пикирге келинбегендиктен кызматкерлер кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.00дө баштаган иш таштоосун бүгүнгө чейин узартуу чечимин чыгарышты.

Аэропорт жетекчилиги 8 миң жүргүнчүнүн токтотулган каттамдардан таасирленгендигин билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар