Сирия темалуу жыйын эртең өткөрүлөт
Жыйынга Түркия, Сирия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары чогулат.
![Сирия темалуу жыйын эртең өткөрүлөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/29b4/39ff/8323/649023622095c.jpg?time=1719119173)
Түркия менен Сириянын ортосундагы мамилелердин нормалдашуусуна карата кезектеги жыйын эртең Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлөт.
Жыйынга Түркия, Сирия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары чогулат.
11 жылдан кийин Анкара менен Дамасктын ортосундагы биринчи сүйлөшүү 28-декабрда өткөрүлгөн. Орусиянын борбор шаары Москвада улуттук коргоо министрлери менен чалгындоо жетекчилери жолугуп, андан кийин тышкы иштер министринин орун басарлары менен тышкы иштер министрлери да жолугушуу өткөргөн.
Бул ирет сүйлөшүүлөр эртең Астанада тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын ортосунда өтөт.
Төрттүк делегациянын биринчи отурумунда Түркия менен Сириянын ортосундагы карым-катнаштарды нормалдаштыруу үчүн таштала турган конкреттүү кадамдар талкууланат.
Түркия террор менен күрөшүү, саясий чечим жана качкындардын ыктыярдуу, коопсуз жана татыктуу кайтуусу темасында чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилейт.
Дамаск башкаруучулугунун Түркиянын приоритеттерине карата мамилеси процесстин илгерилешинде чечүүчү болот.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719119174)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719119174)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.