Мексикада жүк ташуучу унаадан мыйзамсыз мигранттар табылды

Гватемала, Гондурас, Сальвадор жана Индия жарандары экени белгиленген 129 мыйзамсыз мигрант коопсуздук күчтөрү тарабынан коргоого алынды.

2001355
Мексикада жүк ташуучу унаадан мыйзамсыз мигранттар табылды

Мексиканын Веракрус аймагында, адам аткезчилерине алданып калган жана жүк ташуучу унаа менен ташылган 129 мигрант аныкталды.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Сан Исидро шаарында күнүмдүк текшерүү жүргүзгөн полиция бир жүк ташуучу унаада ташылган мыйзамсыз мигранттарды байкады.

Гватемала, Гондурас, Сальвадор жана Индия жарандары экени белгиленген 129 мыйзамсыз мигрант коопсуздук күчтөрү тарабынан коргоого алынды.

Мигранттардын арасында коштоосу жок 19 баланын да бар экени, алардын Мамлекеттик Балдарды жана Өспүрүмдөрдү коргоо прокуратурасына өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Полиция адам аткезчилери менен кызматташкан деп шектелген төрт адамды камакка алды.



Тектеш кабарлар