Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Япониянын Жээк коопсуздугу да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынаганын тастыктады.

2000257
Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында баллистикалык ракетасын сынаганы кабарланды.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:30да Япон деңизи багытында учурганы белгиленди.

Япониянын Жээк коопсуздугу да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынаганын тастыктады.

Япониянын Коргоо министрлиги сыноого байланыштуу маалымат чогултулганын жарыялады.  

Билдирүүдө учурулган ракетанын Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын сыртына түшкөнү болжолдонуп, аймактагы аба жана деңиз элементтерине келтирилген ыктымалдуу зыяндын аныктала турганы айтылды. 



Тектеш кабарлар