Сербияда сел жүрдү

Жаан-чачындын улана тургандыгы болжолдолгондугун айткан жетекчилер  аймакта болушу мүмкүн болгон терс көрүнүштөргө каршы кошумча чараларды көрө баштады.

2000349
Сербияда сел жүрдү

Сербиянын Нови Пазар шаарында катуу жамгыр жаашынан улам үй жана иш жерлерин суу каптады.

Кечээ кечинде башталган катуу жамгырдан улам Трнавица дарыясы ташкындап, айрым отурукташуу жерлеринде үй жана иш жерлерин суу каптап, көпчүлүк адамдар өз мүмкүнчүлүктөрү менен тазалоо ишин баштап, полиция, өрт өчүргүчтөр, издөө  - куткаруу топтору да барууга мүмкүн болбогон аймактарга жардам алып баруу үчүн аракет кылууда.

Өзгөчө бейтап, кары  - картаң жана балдардын сел аймагынан куткарылышы үчүн иштер жүргүзүлүүдө.

Нови Пазар өзгөчө кырдаалдар мекемесинин төрагасы Исмаил  Дуплжак Трнавица дарыясынын жээгиндеги 2500дөн ашуун үйдү суу каптаганын айтты.

Топтордун түнкү сааттардан тарта сел сууларын бошотуу үчүн иштеп жаткандыгын айткан Дуплжак : «Клеса  кыштагына кеткен жол суу астында калды, көпүрө кулады. Кечээтен бери 30 үй менен байланыш үзүлдү. Армия менен байланыштабыз, алардан бул аймакта жашагандар үчүн көпүрө курушун сурандык»,- деди.

Жаан-чачындын улана тургандыгы болжолдолгондугун айткан жетекчилер  аймакта болушу мүмкүн болгон терс көрүнүштөргө каршы кошумча чараларды көрө баштады.



Тектеш кабарлар