БУУнун уюмдарынан Сирия кризиси тууралуу эскертүү

Сирия үчүн өткөрүлгөн  7 -  Брюссел конференциясынын негизинде БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA), БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (UNHCR) жана БУУнун Өнүгүү программасы (ПРООН) жазуу түрүндө билдирүү жарыялады

2000063
БУУнун уюмдарынан Сирия кризиси тууралуу эскертүү

БУУнун 3 уюму Сирия согушунун адамдардагы таасирин «астрономиялык» өлчөмгө жеткендиги боюнча эскертти.

Сирия үчүн өткөрүлгөн  7 -  Брюссел конференциясынын негизинде БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA), БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (UNHCR) жана БУУнун Өнүгүү программасы (ПРООН) жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө Сирияда согуштун Экинчи Дүйнөлүк согушунан эки эсе узун убакытка созулгандыгына көңүл бурулуп, согуштун Сирия калкы, качкындар жана коңшу өлкөлөргө тийгизген таасиринин «гуманитардык чыгымынын астрономиялык» экендиги белгиленди.

Өлкөдө 15 миллиондон ашуун кишинин гуманитардык жардамга жана коргонууга муктаж экендиги белгиленген билдирүүдө 13 миллион кишинин жер которгондугу айтылды.

Билдирүүдө Түркия, Египет, Ирак, Иордания жана Ливанда 13,5 миллион кишинин узун мөөнөттүү колдоого муктаж экендиги белгиленди.

Ошондой эле Сирия үчүн билдирилген жардам пландарынын жетеринче каржыланбаганы баса белгиленип : «Глобалдык экономикалык кысымдардын таасирине карабастан Египет, Иордания, Ирак, Ливан жана Түркия эл аралык коомчулуктун атынан чоң жүктү мойнуна алды",-  деп айтылды.

Аймактагы муктаждыктардын  камсыз кылынышы үчүн баарынын кадам ташташы керектиги баса белгиленген билдирүүдө : «Донорлорго керектүү булактардын берилиши үчүн берешендикти улантууга чакырабыз. Ушундайча Сирия жана үй ээси болгон өлкөлөргө дагы көп жардам бере алабыз»,- деп белгиленди.

Брюссел конфеернциясы Европа Биримдигинин Сирия калкына болгон колдоосун жаңылоону, Сирияда жана коңшу өлкөлөрдө жашаган сириялыктардын  көбөйгөн муктаждыктарын  камсыз кылуу үчүн гуманитардык жана финансылык колдоолорду мобилизациялоону максат кылууда.

Өткөн жылдагы конференцияда 6,4 миллиард евро убада кылынган.



Тектеш кабарлар