Сингапурда 180 жылдык ат чабыш токтойт

Сингапур өкмөтү ипподромдогу 120 гектардык аянттын мамлекеттик жана жеке менчик турак-жай курууга бөлүнөрүн жарыялады.

1996041
Сингапурда 180 жылдык ат чабыш токтойт

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсү Сингапурда 180 жылдан ашкан тарыхы бар ат чабыш келерки жылы токтойт.

Би-Би-Си кабарлагандай, Сингапурдун жалгыз ипподрому Turf Club, кийинки жылы акыркы жарыш иш-чарасын өткөргөндөн кийин жабылат.

Сингапур өкмөтү ипподромдогу 120 гектардык аянттын мамлекеттик жана жеке менчик турак-жай курууга бөлүнөрүн жарыялады.

Turf Club тарабынан жасалган билдирүүдө, ат чабыштын өлкөдө узак жана өзгөчө тарыхы бар экени баса белгиленип, 2024-жылдын 5-октябрындагы 100- Сингапур алтын кубогуна чейин улана турган жарыштарда спорттук чеберчиликти, коопсуздукту жана бүтүндүктү камсыз кылуу үчүн иштөөнү уланта тургандары белгиленди.

1842-жылы "Сингапур спорт клубу" катары түзүлгөн ипподромдун аталышы 1924-жылы Сингапурдун "Турф клубу" болуп өзгөргөн.

1972-жылы королева Елизавета IIнин атынан ушул ипподромдо иш-чара өткөн.



Тектеш кабарлар