БУУ Судандагы кризисти чечүүгө чакырды

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк БУУнун Адам укуктары кеңеши тарабынан уюштурулган «Суданда уланып жаткан кагылышуулардын адам укуктарына тийгизген таасири» аттуу атайын сессиянын ачылышында сөз сүйлөдү.

1985375
БУУ Судандагы кризисти чечүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк аймактагы таасири бар бардык өлкөлөрдү колдорунда болгон бардык мүмкүнчүлүктөр менен Судан кризисинин чечилишин кубаттоого чакырды.

Түрк БУУнун Адам укуктары кеңеши тарабынан уюштурулган «Суданда уланып жаткан кагылышуулардын адам укуктарына тийгизген таасири» аттуу атайын сессиянын ачылышында сөз сүйлөдү.

Суданда армия менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы кагылышуулардын 15-апрелде башталганын эске салган Түрк, өзгөчө Хартум, Жезира, Ньяла жана Убейд шаарларында катуу кагылышуулар болгонун жана каза болгондордун саны дагы жарыялангандарга караганда көп болгонун айтты.

Түрк: «Судандан 154 миңден ашуун адам чыгып кетти жана болжол менен 700 миң адам ички жер которууга дуушар болду. Кагылышуу зоналарында калгандар тынымсыз жана олуттуу коркунучта. Хартумдагы жаңжал калк жыш жайгашкан аймактарда болду. Учурда миллиондогон адамдар тамак-ашка, күйүүчү май жана накталай акчага жете албай кыйынчылык тартып жатат»,-деп айтты.

Кагылышуулардан улам өлкөдөгү саламаттык сактоо системасынын да олуттуу зыянга учураганын белгилеген Түрк, кээ бир саламаттык сактоо борборлорунун аскердик күчтөр тарабынан басып алынганын айтты.

Эки тараптан тең келип чыккан жана эл аралык гуманитардык укукту бузган бул «максатсыз» зомбулукту айыптаганын белгилеген Түрк: «Бардык тараптар жарандардын укуктарын коргоп, эл аралык гуманитардык жана адам укуктары боюнча мыйзамдарды сакташы керек. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши бул атайын сессияны Судан элинин укуктарына жана жашоосуна шашылыш тынчсыздануусун билдирүү үчүн өткөрүп жатат. Биз аймактагы таасири бар бардык өлкөлөрдү колдорунда болгон бардык мүмкүнчүлүктөр менен Судан кризисинин чечилишин кубаттоого чакырам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар