Сергей Лавров Венесуэлага барды
Эки өлкөнүн делегациялары катышкан жолугушуу, Мадуронун жетекчилигинде Президенттик Мирафлорес сарайында өттү.
![Сергей Лавров Венесуэлага барды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b989/99b7/8955/643f9deded409.jpg?time=1719104014)
Латын Америкага сапарынын алкагында Венесуэлага барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Николас Мадуро тарабынан кабыл алынды.
Эки өлкөнүн делегациялары катышкан жолугушуу, Мадуронун жетекчилигинде Президенттик Мирафлорес сарайында өттү.
Твиттердеги баракчасынан Лавров менен жолугушуусунун видеосун бөлүшкөн Мадуро: «Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эки тараптуу карым-катнаштарыбызды жана өлкөлөрүбүздүн өнүгүшү үчүн ар түрдүү тармактарда биргелешкен кызматташтык картасын бекемдеген жагымдуу жолугушуу өткөрдүк»,-деди.
Лавров Венесуэла сапарынын башында кесиптеши Иван Гил жана Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес менен жолугушкан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Лавровдун 17-21-апрель күндөрүндө Бразилия, Венесуэла, Никарагуа жана Кубага расмий сапар жасай турганы белгиленди.
Лавров Латын Америкага сапарынын алкагында дүйшөмбү күнү алгач Бразилияга барган.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719104015)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719104015)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.