Израиль аскерлери базадан чыгып кетишти

Израиль армиясынын «Голани бригадасынын» ондогон солдаты ротанын командиринин кызматтан бошотулушуна карата нааразычылык билдирип, курал-жарактарын таштап, базаларын таштап кетишти.

1976808
Израиль аскерлери базадан чыгып кетишти

Израиль армиясынын «Голани бригадасынын» ондогон аскери ротанын командиринин кызматтан бошотулушуна карата нааразычылык билдирип, курал-жарактарын таштап, базаларын таштап кетишти.

Израилдин «Едиот Ахронот» гезитинде жарыяланган кабарда аталган аскерлердин Рамалланын батышында басып алынган Батыш Шериадагы «Целим» аскердик базасында кызмат кылганы белгиленди.

Голани бригадасындагы ондогон аскердин рота командиринин кызматтан алынышына каршылык көрсөтүү үчүн базадан чыгып, машыгуу учурунда «Тавор» үлгүсүндөгү куралдарын аскердик базага таштап кетишкендиги билдирилди.

Бригаданын командири Йифтах Норкиндин  командири тууралуу чечимди түшүндүрүү,  аскерлерди лагерге кайтып келүүгө көндүрүү үчүн аскерлер менен жолугушкандыгы маалымдалды. Кызматтан алынган  Израиль командиринин аты жана базадан кеткен аскердик кызматкер саны тууралуу маалымат берилген жок. 

Израиль армиясынын Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө, бул абалга   армиянын баалуулуктарына туура келбеген олуттуу окуя деп баа берилди.Окуя боюнча  тергөө иштернин уланып жаткандыгы айтылды.Израиль армиясы Голани бригадасынын командиринин белгилүү бир окуядан улам эмес, кызматындагы «ыраатсыздык» үчүн кызматтан алынганын жарыялады.

 


 



Тектеш кабарлар