Анналена Баербок Россияны Украинада миналарды жайгаштырууну токтотууга чакырды
Бэербок, «4-Апрель Эл аралык миналарды маалымдоо күнүнөн» байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жөө аскерлерге каршы миналардын коркунучтуу курал экенин белгиледи.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Россияны Украина жерине мина жайгаштырууну токтотууга чакырды.
Бэербок «4-Апрель Эл аралык миналарды маалымдоо күнүнө» байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жөө аскерлерге каршы миналардын коркунучтуу курал экенин белгилеп : "Ошондой эле Россияны Украинадагы айыл чарба жерлерине ойлонбой туруп ири өлчөмдөгү мина жайгаштыруун токтотууга чакырам. Бул көптөгөн жарандардын өлүмүнө гана себеп болбостон, көптөгөн дыйкандардын талааларын иштетип, түшүмүн жыйнап алууларына да тоскоол болууда",- деди.
Германиянын тышкы иштер министри мындай жол менен Россиянын дүйнөлүк базардагы азык-түлүктү азайткандыгын, дүйнөдөгү ачарчылыкты да көбөйткөндүгүн эске салды.
Бербок Босния - Герцеговина, Камбоджа жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдөгү ата-энелердин кагылышуудан ондогон жылдар өткөндөн кийин да балдары тышка оюнга чыккан сайын тынчсыздануусуна себеп болгонун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.