Орусия: "Украинадагы буталарга сокку урдук"

Конашенков Москвада маалымат берди.

1957451
Орусия: "Украинадагы буталарга сокку урдук"

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, өткөн аптада Брянск аймагындагы «террордук актыларына» жооп катары Украинадагы буталарды жогорку тактыктагы алыс аралыкка учуучу ракеталар менен атышканын билдирди.

Конашенков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Украинанын 2-мартта Орусиянын Брянск аймагындагы кол салууларына жооп кайтарылганын айтып: «Кинжал гиперүндүү ракеталык система менен бирге абадан, деңизден жана кургактыктан жогорку тактыктагы алыс аралыкка учуучу ракеталар тарабынан Украинанын аскердик инфраструктурасынын негизги элементтерине, коргоо өнөр жай ишканаларына жана аларды энергия менен камсыз кылган объектилерине сокку урулду»,-деди.

Кол салуудагы бардык буталардын атылганын белгилеген Конашенков: «Куралдуу учкучсуз аппараттардын базалары жок кылынды, запастарды жана чет элдик курал-жарактарды өткөрүү үчүн колдонулган темир жол транспорту үзгүлтүккө учурады, аскердик техникаларды оңдоо жана ок-дарыларды чыгаруучу жайлар да жок кылынды»,-деп айтты.

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный, Орусиянын Украинанын маанилүү инфраструктурасына 81 ракеталык чабуул жасаганын билдирди.

Украинанын энергетика министрлиги да Киев, Николаев, Харьков, Запорожье, Одесса, Днепропетровск жана Житомир облустарынын энергетикалык объектилери бутага алынганын кабарлады.



Тектеш кабарлар