Польшадагы украиналык качкындар турак жай чыгымдарына салым кошо баштайт

Польшанын PAP маалымат агенттиги, Качкындарга жардам көрсөтүү боюнча жаңы мыйзамга киргизилген түзөтүү бүгүн күчүнө киргенин билдирди.

1953386
Польшадагы украиналык качкындар турак жай чыгымдарына салым кошо баштайт

Польшада массалык турак жайларда жашаган украиналык качкындар, эгер өлкөдө 120 күндөн ашык калса алар жатакана акысына салым кошот.

Польшанын PAP маалымат агенттиги, Качкындарга жардам көрсөтүү боюнча жаңы мыйзамга киргизилген түзөтүүнүн бүгүн күчүнө киргенин билдирди.

Буга ылайык Польшада 120 күндөн ашык жашаган качкындар чыгымдарынын 50 пайызын, ал эми май айынан баштап 180 күндөн ашса бул чыгымдын 75 пайызын төлөйт.

Майыптар жана карылар үйүндөгүлөр, балдар, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар, бир жашка чейин жана үч же андан көп баласы барлар сыяктуу аялуу топтор жободон бошотулат.

Учурда Польшада 80 миңге жакын украиналык качкындар массалык турак жайларда жашашат.



Тектеш кабарлар