БУУдан Йеменге колдоо

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси билдирүү жасады.

1952621
БУУдан Йеменге колдоо

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) быйылкы жыл үчүн Йеменге 1 миллиард 160 миллион долларлык жардам убада кылганын жарыялады.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) кечээ БУУнун Женевадагы офисинде өткөрүлгөн «Йемендеги гуманитардык кризис үчүн жогорку деңгээлдеги кайрымдуулук иш-чарасына» байланыштуу билдирүүсүндө, көптөгөн өлкөлөр жана ар түрдүү уюмдар да арасында болгон 31 донордун, Йемендеги гуманитардык кризисти токтотуу үчүн 1 миллиард 160 миллион долларлык жардам убада кылганы белгиленди.

Америка Кошмо Штаттары 444 миллион, Еврокомиссия 204,7 миллион, Германия 128,6 миллион, Англия 160,8 миллион, Канада 34,5 миллион жана Нидерландия 32,1 миллион доллар өлчөмүндө кайрымдуулук кылаары маалымдалды.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс Твиттердеги билдирүүсүндө, Йеменге жардам убада кылгандарга ыраазычылык билдирди.

Өткөн жылы тынчтык жолунда жылыш байкагандарын жана мунун йемендиктердин күнүмдүк жашоосун жакшыртканын, гуманитардык жардамга жетүүгө жардам бергенин  баса белгилеген Гриффитс: «Тынчтык - 2023-жылдагы негизги үмүтүбүз»,-деди.

Бир тараптан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму да Йемендеги саламаттыкты сактоо инфраструктурасын колдоо үчүн 392 миллион долларлык жардамга чакырды.



Тектеш кабарлар