ЕБнин Сирияга гуманитардык жардам боюнча чечими

Европа Кеңешинин гуманитардык жардамдын тез жеткирилишине көмөктөшүүчү кошумча түзөтүүнү кабыл алуу чечимин чыгарды.

1950998
ЕБнин Сирияга гуманитардык жардам боюнча чечими

Европа Биримдиги (ЕБ), очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн жабыркаган Сирияга гуманитардык жардамдардын тез жеткирилиши үчүн гуманитардык жардам уюмдарынын ЕБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук бийликтеринен алдын ала уруксат алуу талабынын жоюлганын жарыялады.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ЕБнин Сирияга каршы санкцияларынын Башар Асад режими жана колдоочулары киреше тапкан экономикалык тармактарды бутага алганы баса белгиленди.

Санкциялардын ЕБнин Сирияга азык-түлүк, дары-дармек же медициналык жабдууларды экспорттоого тыюу салбагандыгы жана Сириянын саламаттык сактоо системасын бутага албагандыгы айтылып: «Евробиримдиктин санкциялык режими, өлкөнүн каалаган жерине гуманитардык жардам жеткирүүнүн үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу үчүн кеңири масштабдагы гуманитардык өзгөчөлүктү камтыйт»,- деп кабарланды.

Билдирүүдө, Европа Кеңешинин бүгүнкү күндөн баштап гуманитардык жардамдын тез жеткирилишине көмөктөшүүчү кошумча түзөтүүнү кабыл алуу чечимин чыгарганы, «Бул түзөтүү менен Евробиримдик гуманитардык уюмдардын тизмесине киргизилген адамдарга, уюмдарга гуманитардык багыттагы товарларды жана кызматтарды өткөрүп берүү же камсыз кылуу үчүн ЕБге мүчө мамлекеттердин улуттук компетенттүү органдарынан алдын ала уруксат алуу талабынан баш тартты»,-деп айтылды.

Билдирүүдө белгиленгендей, бул түзөтүү алты айга күчүндө болот.

6-февралдагы жер титирөөлөрдөн Түркия менен Сирияда миңдеген адамдар каза тапкан.



Тектеш кабарлар