Пакистан-Ооганстан чек арасында жаңжал чыкты...
Бул тууралуу улуттук маалымат каражаттары кабарлашты.
Пакистан менен Ооганстандын чек ара аскерлери эки өлкөнүн ортосундагы Торхам чек ара бекетинде бири-бирине ок чыгарышты.
Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пакистан менен Ооганстандын чек ара аскерлери белгисиз себеп менен Торхам чек ара бекетинде бири-бирине ок чыгарган. Окуянын кесепетинен каза болгондор же жаракат алгандар бар же жокпу азырынча белгисиз.
Бул окуя талиптердин убактылуу өкмөтү кечээ чек ара бекетин бир тараптуу жапкандан кийин болду.
Атын атагысы келбеген пакистандык аткаминер Ооганстандан келген бейтаптар жана аларды коштоп жүргөн адамдардын жарактуу документтери болбогондуктан өлкөгө кабыл алынбаганын жана талиптер чек ара дарбазасын жаап салганын билдирди.
Эки өлкөнүн чек ара күчтөрүнүн ортосунда тез-тез кагылышуулар болуп турат.
2022-жылдын 11-15-декабрынын аралыгында Чаман-Спин Болдак чек ара дарбазасында 5 күн бою кандуу кагылышуулар болгон.
Кол салууларда кеминде 8 киши өлүп, 40 киши жараланган.
Пакистан-Ооганстан чек арасы 2670 чакырымды түзөт жана эки өлкөнүн ортосунда 18 чек ара бекети бар.
Чаман жана Торхам чек аралары эң көп өткөрүүчү пункттар катары өзгөчөлөнүп турат.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.