Колумбияда саламаттыкты сактоо боюнча реформага каршы митингдер болууда

Колумбияда миңдеген адамдар аянттарга чыгып, чоң талаш-тартыштарды жараткан саламаттыкты сактоо реформасы мыйзамына каршы чыгышты.

1947115

Президент Густаво Петрого каршылык көрсөткөн калың топ өзгөчө борбор шаар Боготанын тарыхый Боливар аянтында мыйзамга каршы ураандарды чакырышты.

Оппозициялык партиялар уюштурган акцияга түрдүү бейөкмөт уюмдар жана профсоюздар да колдоо көрсөтүп, полиция күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрдү.

Демократиялык борбор партиясынын сенатору Мигель Урибе саламаттыкты сактоо реформасына чечкиндүү түрдө каршы экендиктерин билдирди.

Президент Петро болсо саламаттыкты сактоо боюнча реформа мыйзамынын баарына бирдей кызмат кыларын жактап жатат.

Кечээ Каса де Нарино президенттик сарайынын балконунан тарапкерлерине кайрылган Петро Конгресске сунушталган саламаттыкты сактоо реформасы мыйзамынын өлкөдө социалдык жыргалчылыкты курууга карай маанилүү кадам экендигин айтты.

Тектеш кабарлар