Германия украин аскерлерин танк айдоо боюнча машыктыра баштады
Бул тууралуу Германиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Надин Крюгер билдирди.
Немис армиясы украин аскерлерин Леопард 2 негизги согуштук танктары менен машыктыра баштады.
Германиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Надин Крюгер, украин аскерлеринин машыгуусу Төмөнкү Саксония провинциясында Мюнстер шаарындагы Танк мектебинде өтүп жатканын, аскерлердин машыгуусу бүгүн башталганын билдирди.
Крюгер белгилегендей, окуу жылдын биринчи кварталынын аягына чейин аяктайт.
Германия өкмөтү 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага Леопард 2 A6 үлгүсүндөгү 14 негизги танк бере турганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.