Индияда кар көчкү: 2 адам каза болду
Гулмаргдагы лыжа тебүүчү аянттарга кар көчкү түшкөнү кабарланды.
1940763
Индиянын Жамму Кашмир аймагына караштуу Гулмарг кыштагындагы лыжа аянтына кар көчкү түшүп, польшалык эки лыжачы каза болду.
Жамму Кашмир полициясы, Гималай тоолорунда кышкы туризм ишке ашкан Гулмаргдагы лыжа тебүүчү аянттарга кар көчкү түшкөнүн кабарлады.
Билдирүүдө кар көчкү астында калган польшалык 2 лыжачынын каза болгондугу, 21 кишинин куткарылганы белгиленди.