Непалда жүргүнчү учагы кырсыкка кабылды
Katmandu Post гезитинин кабарына караганда борбор шаар Катмандудан Покхарага учуп чыккан Yeti Airlines компаниясына таандык «ATR 72» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кулап түшкөн.
Непалда 72 кишини ташыган жүргүнчү учагы кырсыкка кабылды.
Katmandu Post гезитинин кабарына караганда борбор шаар Катмандудан Покхарага учуп чыккан Yeti Airlines компаниясына таандык «ATR 72» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кулап түшкөн.
Компаниянын басма сөз катчысы Сударшан Бартаула учакта 68 жүргүнчү жана төрт кишиден турган экипаж болгонун билдирди.
Бартаула жүргүнчүлөрдүн арасында 10 чет элдик жана 2 ымыркай болгондугу тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Мамлекеттик телеканал кырсык болгон жерден кээ бир адамдардын жансыз денелери чыгарылганын жарыялады.
Непалдын армиясы окуяда кеминде 16 киши каза болгонун билдирди.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Кырсыктан кийин Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал министрлер кабинетин чукул жыйынга чакырды.
Дахал коопсуздук күчтөрүнөн жана коомчулуктан аймактагы куткаруу иштерине колдоо көрсөтүүнү суранды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.