АКШнын Буркина-Фасо чечими

Буркина-Фасо 1-январдан тарта АГОАнын соода программасынан чыгарылды.

1926625
АКШнын Буркина-Фасо чечими

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), 30-сентябрда армиянын көзөмөлүнө өткөн Буркина Фасону Африка Өнүгүү жана Мүмкүнчүлүк мыйзамынын (AGOA) соода программасынан чыгарды.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, мыйзамдын үстөмдүгү жана саясий плюрализм боюнча жылыш жасабагандыктан Буркина-Фасо 1-январдан тарта AGOAнын соода программасынан чыгарылды.

Буркина-Фасонун кайрадан программага кирүүсү үчүн AGOA программасынын талаптарын аткарууда прогресске жетишеби же жокпу көзөмөлдөнөт.

АКШ 2022-жылдын 1-январында Эфиопия, Мали жана Гвинеяны да адам укуктарынын бузулушу жана төңкөрүштөрдү себеп көрсөтүп, AGOA соода программасынан чыгарган.

Бул программа Африканын 38 өлкөсүнө АКШ менен салыксыз соода жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет.

AGOAдан пайда көргүсү келген өлкөлөрдөн мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары жана плюралисттик демократия сыяктуу белгилүү шарттарды аткаруу талап кылынат.



Тектеш кабарлар