Ниагара шаркыратмасы жарым-жартылай тоңуп калды

Шаркыратма жайгашкан паркты кар жана муз капташы, Ниагаранын кереметтүү абалын көргүсү келген туристтердин баруусуна тоскоол боло алган жок.

1924707
Ниагара шаркыратмасы жарым-жартылай тоңуп калды
niagara selale dondu.jpg
niagara selaleleri dondu.jpg
niagara selaleleri dondu.jpg

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Канаданын чек арасында жайгашкан Ниагара шаркыратмасы катуу сууктан улам жарым-жартылай тоңуп калды.

АКШнын түндүк штаттарында авто жана аба транспортун үзгүлтүккө учураткан катуу суук жана кар бороондору Ниагара шаркыратмасынын мекени болгон Ниагара Falls шаарларында да таасирдүү болууда.

Шаркыратма жайгашкан паркты кар жана муз капташы, Ниагаранын кереметтүү абалын көргүсү келген туристтердин баруусуна тоскоол боло алган жок.

1932-жылдагы катуу полярдык сууктан улам толугу менен тоңгону белгилүү болгон Ниагаранын кайрадан тоңуп калуу коркунучуна каршы чөнтөк телефондору менен айлананы караган табият сүйүүчүлөр, шаркыратманын алдында эстеликке фотосүрөткө түшкөндөн кийин этияттык менен муз каптаган парктан чыгып кетишти.

АКШда 21-декабрда улуттук жана жергиликтүү аба ырайы боюнча агенттиктер, "буга чейин болуп көрбөгөн" катуу суук жана кар шарттары боюнча эскертишкен. 



Тектеш кабарлар