Косоводогу Адем Яшер аэропорту ачылды

Адем Яшер аэропортунда керектүү текшерүүлөрдүн жүргүзүлгөнү, жарылуучу заттын жок экендиги белгиленди.

1924934
Косоводогу Адем Яшер аэропорту ачылды

Косовонун борбор шаары Приштинада бүгүн бомба коркунучунан улам жабылган Адем Яшер аэропорту көзөмөлдөн кийин кайра ачылды.

Косово полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө эртең менен бомба коркутуусу билдирилген Адем Яшер аэропортунда керектүү текшерүүлөрдүн жүргүзүлгөнү, жарылуучу заттын жок экендиги белгиленди.

Маалыматтын негизсиз экени айтылган билдирүүдө :«Тиешелүү мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөлдүн натыйжасында аэропорттун иши калыбына келтирилди",- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар