Зеленский элге кайрылуу жасады

Фронтто катуу кагылышуулардын уланганын билдирген Зеленский, орус күчтөрүнүн фронттогу конуштарды талкалоону улантып жатканын айтты.

1919053
Зеленский элге кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус армиясынын кол салууларынын себебинен Украинанын Донбасс аймагындагы шаарларда чоң кыйроолор болгонун кабарлады.

Зеленский өзүнүн Telegram баракчасындагы видео билдирүүсү менен элге кайрылуу жасады.

Фронтто катуу кагылышуулардын уланганын билдирген Зеленский, орус күчтөрүнүн фронттогу конуштарды талкалоону улантып жатканын айтты.

Президент Зеленский: «Орусия Мариуполь, Волноваха, Бахмут сыяктуу Донбассты да талкалап жатат»,-деди.

Орус күчтөрүнүн кечээ шаарларга чабуул жасаганын, кол салуулардын натыйжасында 8 жаштагы баланын каза болгонун кабарлады.

Кечээ орус тарап менен туткун алмашуу боюнча дагы 64 украин аскеринин бошотулганын белгилеген Зеленский: «Биз Орусияда камакта жаткан ар бир украиналык аял менен эркекти бошотуу жана кайтаруу үчүн аракет кылууну улантып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар