Йеменде ачарчылык жана жетишсиз тамактануу

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Йемен өкүлү Питер Хоукинс өлкөдөгү жетишсиз тамактануу боюнча акыркы маалыматтарды бөлүштү.

1918873
Йеменде ачарчылык жана жетишсиз тамактануу

Көптөгөн жылдардан бери жарандык согуш уланып жаткан Йеменде 5 жашка чейинки 2 миллион 200 миң баланын жетишсиз тамактануусунан улам дарыланууга муктаж болгону жана жарым миллионунун болсо коркунучта экени билдирилди.

8 жылга жакын убакыттан бери Иран колдогон хусилер менен Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция колдогон өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда катуу кагылышуулар уланган Йеменде жакырчылыктын күчөшү менен ачарчылык жана жетишсиз тамактануу күн өткөн сайын күч алууда.

Жарандык согуштун, ачарчылыктын жана азап-тозоктун айынан өлкөдө балдар ата-энелеринин көз алдында акырындап өлүп жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Йемен өкүлү Питер Хоукинс өлкөдөгү жетишсиз тамактануу боюнча акыркы маалыматтарды бөлүштү.

Хоукинс: "Йеменде 5 жашка чейинки 2,2 миллион бала, башкача айтканда 5 баланын 2си тамактанбагандыктан дарыланууга муктаж. Алардын жарым миллиону жетишсиз тамактануу коркунучунда",-деди.

Хоукинс, бул абалдан улам тез арада дарылана албаган балдардын тамак иче албай, кыска убакытта өлүп калышы мүмкүн экенин эскертти.

Жетишсиз тамактануунун балдардын өзгөчө төрөлгөндөн кийинки биринчи 2 жылдын ичинде физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө зыян келтиргенин белгилеген Хоукинс, дарыланса деле мунун кесепеттеринин чоң өлчөмдө кайтарылгыс экенин билдирди.



Тектеш кабарлар