Орус аскерлери жылдын аягына чейин Украинадан чыгабы?
Песков Украинанын чакырыгына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.
Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орус аскерлеринин жылдын аягына чейин Украинадан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Орусияны жаңы жылга чейин Украинадагы аскерлерин чыгарып кетүү чакырыгына байланыштуу сереп салды.
Орусиянын жаңы жылга чейин Украинадан кетпей турганына көңүл бурган Песков: «Бул мүмкүн эмес»,-деди.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Украинанын «чындыктарды» кабыл алышы керектигин билдирген Песков: "Бул чындыктар Орусияга жаңы аймактардын кошулганын көрсөтүп турат. Бул фактыларды эске албай туруп, чечүү процессинде жылыш мүмкүн эмес",-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.