Иранда демонстранттардын соттолушу

Тегерандын башкы прокурору Али аль-Каси Мехр нааразылык акцияларына байланыштуу сот процесси тууралуу маалымат берди.

1918490
Иранда демонстранттардын соттолушу

Иранда Махса Эмининин өлүмүнөн кийин башталган демонстрациялардын алкагында борбор шаар Тегеранда кармалгандардын 400ү ар кандай абак жазаларына кесилди.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Тегерандын башкы прокурору Али аль-Каси Мехр нааразылык акцияларына байланыштуу сот процесси тууралуу маалымат берди.

«Тегерандагы тополоңдо кармалгандардын 160ы 5 жылдан 10 жылга чейин, 80и 2 жылдан 5 жылга чейин жана 160ы 2 жылга кесилди»,- деген Мехр, демонстрациялар маалында камакка алынган 70 кишиге болсо ар кандай айып пул салынганын айтты.

Мехр 31-октябрдагы билдирүүсүндө демонстрацияларга байланыштуу 1000дөй тергөө иши башталганын кабарлаган.

13-сентябрда Тегеранда "адеп-ахлак полициясы" деп аталган Иршад патрульдары тарабынан кармалгандан кийин ооруп ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Махса Эмининин 16-сентябрда каза болушу өлкөнүн өкмөтүнө каршы нааразылыктарды жараткан.

Өлкөгө жайылган демонстрацияларда жүздөгөн адамдар каза болуп, 10 миңден ашуун адам камакка алынган.



Тектеш кабарлар