Германияда үй-жайсыздардын саны 263 миңге жетти
Үй - жайсыздардын 63 пайызын эркек, 35 пайызын аялдар түзгөн отчетто орточо жаш 44 деп белгиленди.
Расмий маалыматтарга караганда, Европанын эң чоң экономикасына ээ болгон Германияда үй-жайсыздардын саны 263 миңге жетти.
Федералдык Эмгек жана социалдык иштер министрлигинин өлкөдөгү үй - жайсыздардын абалы тууралуу биринчи отчетуна ылайык, 2022 - жылдын 31 - январына карата өлкөдө 263 миң адамдын туруктуу үйү жок.
Отчетто үй - жайсыз адамдар үч топко бөлүндү: шашылыш турак - жайда баш калкалагандар, достору же тааныштары менен жашаган жашыруун үйсүздөр жана көчөдө жашагандар. Биринчи топтогу киши саны 178 миңге жакын, болжол менен 49 миңге жакын киши экинчи топто, 37 миңге жакын киши үчүнчү топто.
Үй - жайсыздардын 63 пайызын эркек, 35 пайызын аялдар түзгөн отчетто орточо жаш 44 деп белгиленди.
Үй-жайсыздардын үчтөн экиси Германиянын жарандыгын алган, ал эми сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү узакка созулган оорудан же майыптыктан жапа чеккендигин, ал эми төрттөн бир бөлүгү болсо көз карандылыгы (алкоголдук ичимдиктер, банги заттарга) бар экенин билдиришкен.
Үйсүз калгандарга жардам берүү ассоциациясы (BAG W) 2017 - жылы Германияда болжол менен 650 миң адам үй - жайсыз калганын билдирген.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.