Eutelsat 10B спутниги учурулду
АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунан учуруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.57де ишке ашты.
1909770
![Eutelsat 10B спутниги учурулду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/89de/a25b/6e69/637dbfa2b08f7.jpg?time=1719348013)
Американын космостук кеме жана ракета өндүрүүчүсү SpaceX, Eutelsat 10B байланыш спутнигин Falcon 9 ракетасы менен космоско жөнөттү.
АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунан учуруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.57де ишке ашты.
НАСАнын веб-сайтында, Eutelsat 10B байланыш спутнигинин Америка, Атлантика океаны, Европа, Африка, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азиядагы кардарларга деңизде жана учакта кең тилкелүү, маалымат жана видео байланышын камсыздай турганы кабарланды.