Чилиде жүк ташуучулар иш таштады

Чилинин желектерин көтөргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочулары өкмөткө каршылык көрсөтүштү.

1909796
Чилиде жүк ташуучулар иш таштады

Чилидеги жүк ташуучулар күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү жана коопсуздукту талап кылып, өлкө боюнча иш ташташты.

Чилинин желектерин көтөргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочулары борбор шаар Сантьягодо жолдун боюна токтоткон унааларынан түшүп, өкмөткө каршылык көрсөтүштү.

Жолдун бир тилкесин тосуп, кыймылдын азайышына себепкер болгон жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары сигнализация менен колдоп турушту.



Тектеш кабарлар