Түштүк Африкада кызамык эпидемиясы

Лимпопо аймагында 8-9-ноябрда 14 жаңы кызамык учуру аныкталып, жуктургандардын жалпы санынын 35ке жеткени белгиленди.

1905150
Түштүк Африкада кызамык эпидемиясы

Түштүк Африка Республикасында кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 35ке жетти.

Улуттук Жугуштуу Оорулар Институтунун (NICD) билдирүүсүндө, Лимпопо аймагында 8-9-ноябрда 14 жаңы кызамык учуру аныкталып, жуктургандардын жалпы санынын 35ке жеткени белгиленди.

Билдирүүдө кызамык оорусунун көбүнчө 5 жаштан 9 жашка чейинкилер арасында байкалганы, аймакта ушул убакка чейин кызамыктан каза болгон же олуттуу терс таасирдин катталбаганы маалымдалды.

NICD октябрь айында Лимпопонун эки округунда аймактык кызамык эпидемиясын жарыялаган. Мындан тышкары, бул аймактарда балдарды кызамыкка каршы эмдөө акциясы башталган.

Африканын ар кайсы аймактарындагы кызамык эпидемиясынын себебинен ушул жылдын башынан бери Нигерия жана Зимбабве баш болгон ар башка өлкөлөрдөн жүздөгөн балдар каза болду.



Тектеш кабарлар