«Биг Бен» саат мунарасы

Биг Бендин коңгуроолору «Ок атышпоо күүнүнө» байланыштуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.00дө согушта каза болгондорду эскерүү үчүн 11 жолу кагылды.

1905459
«Биг Бен» саат мунарасы

Англиянын борбор шаары Лондондун символдорунун бири болгон «Биг Бен» саат мунарасы 1918-жылдын 11-ноябрында Биринчи дүйнөлүк согушту бүтүргөн ок атышпоо келишиминин 104 жылдыгында 11 жолу кагылды.

Борбор калаа Лондондо жаңыдан калыбына келтирилген Биг Бендин коңгуроолору «Ок атышпоо күүнүнө» байланыштуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.00дө согушта каза болгондорду эскерүү үчүн 11 жолу кагылды.

1918-жылы 11-ноябрда саат 11.00дө союздаш күчтөр менен Германиянын ортосунда кол коюлган тынчтык келишиминин 104 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү аземинин алкагында улуттук деңгээлде эки мүнөттүк унчукпай туруу аткарылды.

Биг Бенге жакын St. Томас ооруканасы жана оорукананын бакчасындагы Мэри Сикол эстелигинин алдына гүлчамбар коюлду.



Тектеш кабарлар