Зеленский Италиядан абадан коргонуу системасын талап кылды

Зеленский Марио Драгиден кийин  Италиянын  премьер - министр болгон Жорджия Мелони менен «мыкты мамиле түзүшкөнүн» жана Мелонини Киевге чакырганын айтты.

1897592
Зеленский Италиядан абадан коргонуу системасын талап кылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын аба чабуулдарына каршы Италиядан абадан коргонуу системасын талап кылды.

Зеленский Италиянын көп тираждуу гезиттеринин бири "Corriere della Sera" менен болгон маегинде Марио Драгиден кийин  Италиянын  премьер - министр болгон Жорджия Мелони менен «мыкты мамиле түзүшкөнүн» жана Мелонини Киевге чакырганын айтты.

Зеленский Италияга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип : "Бизге абадан коргонуу системасы керек. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Биз качкындарыбыздын Украинага кайтып келишин каалайбыз. Экономикабызды калыбына келтирип, балдар мектепке барышы керек, коом кайрадан кадимки абалына келиши керек. Бул үчүн бизге абадан кол салууларга туруштук бере турган жана жарандардын коопсуздугун камсыздай турган куралдар керек.  Италия Франция жана Германия менен бирге абадан коргонуу системаларын чыгарууда. Алар бизге жардам берет деп үмүттөнөбүз»,-деди. 

Кытайдын бул согушта Россияга аскердик колдоо көрсөтпөгөнүн жана мунун маанилүү экенин баса белгилеген Зеленский буларды айтты :  "Пекин атомдук станцияларга карата коркутуулардан Кара деңиздин  блокадага алыныша чейин орус кыймылдарынын олутуулугун түшүндү. Албетте Кытай согушту токтотуу боюнча чакыруу сала турган болсо, бул Москвадан угулат".

Ирандын согуштагы позициясы тууралуу суроого Украина президенти: «Кечиресиз, бирок тилекке каршы Тегеран орустарга жүздөгөн учкучсуз учактарды бергени так, миңдегени жолдо экени анык», - деп жооп берди.



Тектеш кабарлар