АКШда Мид көлүндөгү суунун деңгээли тынчсыздандырууда
Мид көлүндөгү суунун деңгээли 27 пайызга чейин төмөндөдү.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 40 миллион кишини суу менен камсыз кылган Мид көлүндөгү суунун деңгээли акыркы жылдарда таасирдүү болгон кургакчылыктан улам олуттуу түрдө азайганы белгиленди.
АКШнын Мелиорация бюросунун (USBR) маалыматына ылайык, Невада жана Аризона штаттарынын чек арасында жайгашкан Мид көлүндөгү суунун деңгээли 27 пайызга чейин төмөндөдү.
Илимпоздор климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу АКШнын көптөгөн жерлериндеги көлдөрдө суунун деңгээлинин азайганына көңүл буруп, өзгөчө Мид көлүндөгү суунун соолушунун мунун олуттуу мисалы экенин билдиришти.
Адистер Гувер дамбасындагы Мид көлүндө суунун деңгээли 1999-жылдан бери абанын температурасынын жогорулашынан, Колорадо дарыясын азыктандырган кар суусунун азайышынан жана калктын санынын көбөйүшүнөн улам тынымсыз соолуп жатканын белгилешти.
Мелиорация бюросу былтыр 17-августта өлкөнүн эң ири суу кору болгон Мид көлүндө биринчи жолу расмий түрдө «суу тартыштыгын» жарыялаганын билдирип, суунун деңгээлинин быйыл дагы төмөндөй турганын болжолдогон.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.